Ультрадобуштук мотор

Бул моторлор роботтук технологиялар менен катар медицинада колдонулушу мүмкүн.

502819
Ультрадобуштук мотор

Түрк илимпоздору толугу менен жымжырттыкта иштеген ультрадобуштук мотор өндүрүштү.

Бул моторлор роботтук технологиялар менен катар медицина тармагында кылдат операцияларда колдонулушу мүмкүн.

Маанилүү илимий иш-чараны Гебзе техникалык университетинде докторантурада окуган студенттер ишке ашырышты.

Ультрадобуштук моторлор чакан микро-электрондук системаларда, уюлдук телефондордо, камералар сыяктуу электрондук аппараттарда колдонулушу максатталып жатат.

Магниттик талаа жаратпаган моторлор бир канча миллиметр кичирейтилип түздөн-түз медициналык дарылоордо пайдаланылса болот деп эсептелүүдө.

18 айга созулган изилдөөнүн жыйынтыгында иштелип чыккан ультрадобуштук мотор үчүн университет патент алууга даярдык көрүп жатат.



Тектеш кабарлар