Түрк жана кытайлык сүрөтчүлөр Пекинде жолугушту

Кытайдын борбор шаары Пекинде түрк жана кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектери орун алган «Сыя менен түстүн айкалышы» аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү.

2155234
Түрк жана кытайлык сүрөтчүлөр  Пекинде жолугушту

Кытайдын борбор шаары Пекинде түрк жана кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектери орун алган «Сыя менен түстүн айкалышы» аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү.

Пекин Юнус Эмре институту жана Түркиянын Пекиндеги элчилиги тарабынан уюштурулган көргөзмөдө түрк сүрөтчүлөрү Түлай Муса менен Суна Кочалдын жана кытайлык сүрөтчүлөр Шиао Хаймин менен Коу Юляндын түрдүү техникалардагы эмгектери коюлду.

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн  Түркиянын Пекиндеги элчиси Исмаил Хаккы Муса Түркия менен Кытайды тарыхый жактан байыркы Жибек жолу байланыштырганын, бул байланыш бир гана соодада эле эмес,  маданият тармагында да элдердин ортосунда  орток пикир жаратканын белгиледи.

Муса элчилик катары саясий жана экономикалык мамилелерге гана эмес, маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүгө да чоң маани бергендерин баса белгилеп : "Тарыхтан артта калган  нерсе маданияттан башка эч нерсе эмес",- деди.

Ачылыштан кийин төрт сүрөтчүнүн эмгектери көрүүчүлөргө тартууланды.

Кытайлык өнөр сүйүүчүлөр көргөзмөдөгү чыгармаларга чоң кызыгуу көрсөттү. 

 



Тектеш кабарлар