Тарыхый Капалычаршы базары

Стамбулдагы Капалычаршы базары тууралуу 45 мүнөттүк даректүү тасма тартылды

490035
Тарыхый Капалычаршы базары

«Капалычаршы»- дүйнөдөгү эң кооз базар болуп саналат.

Немис-француз маданият телеканалы Арте тарабынан даярдалган даректүү тасмада «Капалычаршы» дүйнөнүн эң кооз базары жана соода борбору катары таанытылууда.

2015-жылы тартылган 45 мүнөттүк даректүү тасма,  Капалычаршынын тарыхын жана бүгүнкү күнгө чейин жеткен сырын, ошондой эле экономика менен туризмге болгон салымын чагылдырууда.

Бул даректүү тасмада, Стамбулда жайгашкан үстү жабык тарыхый базардын архитектуралык өзгөчөлүктөрү, ичиндеги жана айланасындагы соодагерлердин жашоосу европалык көрүүчүлөргө тартууланат.

Даректүү тасма 30-май дүйшөмбү күнү Арте каналында саат 16:10до эфирге чыгат.



Тектеш кабарлар