Россия : НАТОнун өзөктүк курал тууралуу сөздөрү кырдаалды курчутуу

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин актуалдуу маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

2153695
Россия : НАТОнун  өзөктүк курал тууралуу сөздөрү кырдаалды курчутуу

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин өзөктүк куралга байланыштуу сөздөрү кырдаалды курчутканын айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин актуалдуу маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

Швейцария 15 - 16 - июнь күндөрү өткөргөн Украина тынчтык саммитине баа берген Песков, бул саммиттин Украина кризисине чечүчү жол таба албагандыгын   белгиледи.

НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин  :«НАТОдо өзөктүк курал дүрмөтүнүн колдонууга даярдалышы боюнча кеңешүүлөр болду»,- деген билдирүүсүнө баа берген Песков бул билдирүүнүн Швейцариядагы саммитте кабыл алынган биргелешкен декларацияга карама-каршы келгенин белгиледи.

Песков : "Бул билдирүүдө  мындай сөздөрдүн кабыл алынгыс экендиги белгиленүүдө. Ошондуктан бул (Столтенбергдин билдирүүсү) абалды  курчуткан элементтен башка эч нерсе эмес",- деп баа берди. 

Басма сөз катчысы Песков, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын  "Украина боюнча кийинки тынчтык саммитинин кагылышууларды токтотуусу керектиги"  тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу : "Орус тарабынын бул темадагы мамилеси так . Бул мамилени Кулеба да жакшы билет",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар