Испанияда эт жеген бакетрия учуру жогорку деңгээлде

Японияда «эт жеген» бактерия жол ачкан, «потенциалдуу өлүмгө алып келүүчү» деп кабыл алынган стрептококктук токсикалык шок синдрому бейтабынын ушул кезге чейинки эң жогорку деңгээлге жеткендиги белгиленди.

2153617
Испанияда эт жеген бакетрия учуру жогорку деңгээлде

 Японияда «эт жеген» бактерия жол ачкан «потенциалдуу өлүмгө алып келүүчү» деп кабыл алынган стрептококктук токсикалык шок синдрому бейтабынын ушул кезге чейинки эң жогорку деңгээлге жеткендиги белгиленди.

Улуттук Жугуштуу Оорулар Институтунун (NIID) билдирүүсүндө, өлкөдө бул жылдын июнь айынын башынан тарта  карата өлкөдө стрептококктук токсикалык шок синдрому учурларынын саны 977ге жеткени айтылды.

Бул оору "streptococcus pyogenes" бактерияларынан келип чыгып, көбүнчө тамак оору менен байланыштырылгандыгы, андан кийинки мезгилде көптөгөн органдардын иштебей калышына алып келиши мүмкүн экендиги айтылды.

Токиодогу Аялдар медициналык университетинин жугуштуу оорулар боюнча адиси, профессор Доктор Кикучи Кен бут жаралары стрептококк бактериялык инфекцияга өзгөчө сезгич экенин билдирди.

Ыйлаакча жана буттагы козу карындар сыяктуу кичинекей жараларды бактериянын «ыктымалдуу кириш жери» катары мүнөздөгөн Кикучи картаң бейтаптарда инфекциядан өлүмгө чейин өткөн убакыттын 48 саат болушу мүмүкн экендигине көңүлдөрдү бурду.

Кикучи : «Бейтап эрте менен бутундагы шишикти көргөндөн тарта түшкө чейин тизесине чейин шишиши мүмкүн жана  48 сааттын ичинде каза болушу мүмкүн»,- деди.

Мие Улуттук госпиталынын башчысы  Танигучи Киёсу май айындагы билдирүүсүндө, бактериялардын денеге кириши "каршы натыйжаларга алып келиши мүмкүн" белгилеп, жараларды дезинфекциялоону жана колду тез  - тез жууш керектигин айткан.

Көбүнчө 30 жаштын тегерегиндеги адамдарда байкалган "эт жеген" бактериялардан келип чыккан  стрептококктук токсикалык шок синдрому  "өлүмгө алып келиши мүмкүн" деп мүнөздөлүүдө.

 



Тектеш кабарлар