72 жашында эне болду

Индияда 72 жаштагы Далжиндер Каур жасалма жол менен эркек баланы дүйнөгө алып келди

488934
72 жашында эне болду

Индияда 72 жаштагы Далжиндер Каур жасалма жол менен эркек баланы дүйнөгө алып келди.

49 жылдан бери  үй – бүлөлүү болгон Каур жана 79 жаштагы жубайы Мохиндер Синг Гилл бул биринчи баласына Арман деген ат койду.

Пуннжаб аймагынын Амритсар шаарында жашаган 46 жыл бирге жашаган жуп үч жыл мурда бир гезитте көргөн  жарыя боюнча жатын тышында түтүк менен төлдөө методун колдонууга чечим чыгарышты. Каурдун туулган жылы белгисиз. Дарыгерлерге жубайынан жети жаш кичүү экендигин айткан Каурдун айтканы туура болгон болсо, дүйнөдөгү эң картаң жашта эне болгон аял болот. Англис Telegraphка маалымат берген Каур : «Баары мага бала багып алууну сунуш кылышты, бирок мен каалаган жокмун. Эми болсо өз балам бар»,- деди. Индияда климакс болгон аялдардын төрөөсү барган сайын көбөйө баштады.

Индияда кысырлыкты дарылоо 1500 долларга жакын. Өлкөдө саны эки миңге жеткен кысырлык клиникаларына тартиптин киргизилишине кысым артууда. Индиянын медицина кеңеши 50 жаштан жогору болгон аялдардын дарылануусуна тыюу салуу үчүн аракет кылышууда.



Тектеш кабарлар