«Түркия Үнү» радиосунда кыргыз кызматы (видео)

Ал күн сайын Бишкектеги Кыргыз радио бирикмесинин 1-Радио каналынын обосунан да жаңырып  турат.

487446
«Түркия Үнү» радиосунда кыргыз кызматы (видео)

Түркияда радио берүүлөр да 1927-жылы 6-майда башталган.

Ал эми 1964-жылы 1-майда ТРТ менен биргеликте  радио тармагы да өнүккөн.

Учурда ТРТнын радиолору мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн маанилүү таянычына айланды. Анын материалдары  принциптүүлүгү, чындыкты туура чыгылдыруу менен айырмаланат. Радионун билим-берүү, маданият, музыка жана көңүл ачуу маанайдагы жана башка толуп жаткан программалары өлкөнүн бардык жерине, дүйнөлүк коомчулуктун терең катмарына жетүүдө. 

Азыр Түркияда отуз жети тилде радио берүүлөр жана кырк бир тилде интернеттеги веб-сайттар  ачылып иштеп жатат.

Ал эми «Түркия Үнү» радиосу  70 жылдан ашык убакыттан бери Түркия үнүн бүткүл дүйнөгө угузууда. «Түркия үнү» радиосу-чет өлкөдө жашаган жарандар жана мекендештерибиз үчүн өзүнүн берүүлөрүн таратат. Спутникте жана интернетте 24 саат үзгүлтүксүз эфирде болот. Дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болсоңуздар да «Түркия үнү» радиосун укса болот.

Ушул радионун алкагында башка тилдеги кызматтардай эле кыргызча берүүлөр же кыргыз кызматы токсон сегизинчи жылы он алтынчы сентябрда ачылып, жарым сааттык берүүлөр эфирге чыгууда.

Ал күн сайын 15:30да Бишкектеги Кыргыз радио бирикмесинин 1-Радио каналынын обосунан да жаңырып  турат.

Сценарийин жазып, эфирге даярдаган: Канат Кадыржан

Оператор-монтажер: Кемал Өктем

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар