Түндүк Кипр Түрк Республикасында Акынжы – Эйде жолугушуусу
БУУнун башк атчысынын Кипр атайын өкүлү Эспен Барт Эйде сүйлөшүүлөргө байланыштуу процесстин үмүттүү экенин айтты
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы БУУнун баш катчысынын Кипр атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйдени кабыл алды. Эспен Барт Эйде жолугушуудан кийин берген маалыматында процесстин үмүт бере тургандай түрдө алдыга жылганын айтты. Бир гана абстрактуу эмес, негизги маселенин мазмунуна чейин келүү жеринде чыныгы бир эректи көргөнүн айткан Эйде : «Узун убакыттан бери мындай нерсе көрбөдүк. Бул үчүн эки лидерге сунушум ээ болгон убакытты абдан жакшы пайдалануулары»,- деди. Кипр маселесинин чечилүүсүнө карата түрк жана рум сүйлөшүүчүлөрдүн абдан жакшы ишти ортого салышкандарын баса белгилеген Эйде сүйлөшүүчүлөрдүн кайсы жерде экенине байланыштуу биргелеше түшүнүк жана кыймыл даярдоо үчүн тыгыз иштешкендерин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.