Түрк басма сөзү 15. 05. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

275503
Түрк басма сөзү  15. 05. 2015

«Стар» гезити «Эң кеч 2019» деген макаласында прездент Р. Т. Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 7 - июндагы шайлоодо жалгыз конституцияны түзө турган көпчүлүк менен чыга турган болсо Түркияда таштардын ордуна отурарын айтканын жазган. Эрдоган : «Ошондо президенттик үчүн да календарь ишке кире баштайт. Мунун күнү 2019 – жыл болобу же дагы эрте болобу билбейм»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Өнүгүү жана бейкуттук үчүн саясий ырааттуулук» деген макаласында вице – премьер Али Бабажан Стамбулда катышкан Баб - ы Али жыйынында Түркиянын чоң жыйырмалар өлкөлөрүнүн ичинде лидер болушунун маанисин белгилегенин жазган. Глобалдык деңгээлде ылдам өзгөргөн экономикалык жана саясий тең салмактуулуктун ичинде Түркиянын өз ичинде ишке ашырган саясаттардын абдан маанилүү болорун баса белгилеген Бабажан келерки мезгилде өзгөчө өнүгүү жана бейкуттук жактан Түркиянын алдындагы эң негизги маселенин саясий ырааттуулук экенин айтты. Саясий ырааттуулуктун пайдубалы күчтүү болбогон, саясий картинасы баш – аламан болгон бир өлкөдө өнүгүүнүн жана бейкуттуктун түзүлүшүнүн абдан кыйын экенин белгилеген Бабажан : «Бул үчүн саясий ырааттуулук болбосо болбойт деген шарт бар. Саясий ырааттуулуктун пайдубалы сөзсүз түрдө бекем жана күчтүү болушу керек»,- деп баа берди.
«Ватан» гезити «Түркия чукул кийлигишүү күчүнүн лидери болот» деген маалыматында Түркиянын үй ээлигинде Антальяда өткөрүлгөн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында маанилүү бир чечим чыкканын жазган. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул чечимди бул сөздөр менен билдирди : «НАТО күчүнүн чоңдугун жана ылдамдыгын арттырууда. Жогорку даярдыктуу чукул кийлигишүү күчү да бул иштердин борборунда. Түркия НАТО чукул кийлигишүү күчүн түзгөн 6 союздашы менен бирге алдыбыздагы жылдарда күчтөрдүн лидерлигин алуу чечимин чыгарды. Түркиянын чечими бизди да ыраазы кылды».
«Сабах» гезити «Түрк аба жолу Анкарадан 7 өлкөгө түз учат» деген маалыматында Анкара өнөр жай кабинетинин төрагасы Нуреттин Өздебир түрк аба жолдорунун Анкарадан жумасына 27 каттам болуу менен өлкө тышында 7 жерге түз каттоо убадасын бергенин белгиледи. Өздебир : «Москва жана Дюсселдорфко түздөн түз каттам бар. 1 - октябрдан баштап буларга Франкфурт, Вена, Баку, Лондон, Тегеран жана Амстердам кошулат. Келерки жылы Берлин, Гамбург, Кельн, Штуттгарт, Копенгаген, Стокльм жана Парижге да каттамдар болот»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Чоң сыйлык Дамланын» деген макаласында Милан эл аралык кино фестивалына «Деңиз деңгээли» аттуу кино тамгасын басты. Кинонун башкы ролун ойногон Дамла Сөнмез «Эң жакшы аял актриса», кинонун режиссерлору Нисан Даг жана Эсра Сайдам болсо «Эң жакшы режиссер» тармагында сыйлык алышканын жазган. Фестивалдын сыйлыктары 9 - сентябрда Миланда өткөрүлө турган азем менен ээлерине тапшырылат. Фестивалда «Деңиз деңгээли» киносу көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар