Анкарадагы күндөрдөн бир элес...

Элчи Ибрагим Жунусов менен жылуу маанайда баарлашып кайттык.

200545
Анкарадагы күндөрдөн бир элес...

Анкарадагы күндөрдөн бир элес...
Бүгүн, тактап айтканда 28-январь күнү түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана атайын ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти , профессор Ибрагим Жунусов мырзанын чакыруусу менен элчиликке барып жылуу маанайда пикир алышып кайттык.
Пикир алмашуу бизге абдан жакты, ошону менен бирге эле жакшы жагына таасирленип келдик.
Чындыгында Ибрагим Жунусовду мыкты обончу, аткаруучу катары билсем, азыр мамлекеттик кызматтагы адам эмес жөн гана Кыргызстандын патриот уулу катары ага болгон сыйым артты...
Жакында болуп өткөн Түркия үнү радиосунун «Кыргызча» бөлүмүнүн түз эфириндеги жолугушуусунда атайын даярдалган суроолор менен чектелсек, бүгүнкү баарлашуу жөн гана бири бирибизди алыста жүрүп сагынган бир туугандардай мамиледе болдук... Элчинин Ата Мекенин алыста жүрүп сагынганы да байкалып турду...
Маданият, тарых тармагында сөз болгондо: Анкаранын четиндеги райондордо Кыргыз Эненин күмбөзү бар экенин айтып ошол туурасында атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп жатканынан кеп козгоп, баарыбызды ойго салды... Ошол райондо жашаган жергиликтүү элдерден маалымат алып, атайын тарыхчылар менен изилдегенге куштар болуудамын – дейт. Ошону менен бирге Анкара шаарына келген жаштар, ишкерлер менен кеңешип атайын Кыргыздын улуттук тамак-ашын, суусундуктарын түрк боордошторго тартуулаган бир ашкана ачылса деген оюн да билдирди.
Элчиликтин аткарып жаткан миссиясы туурасында да сөз болбой койгон жок. Буюрса ушул жылдын жаз айларынан баштап элчиликке бөлүнгөн жерге Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин имаратын тургузууну пландап жатканын айтып берди.
Чогуу отуруп эстелик үчүн сүрөткө түшүп, кызыктуу окуялардан кеп салып отурдук... «Биз, өзүбүздүн баркыбызды кетирбей «кыргызбыз да!» деген сөздөрдөн алыс болсок. Кыргыз деген кандай Улуу Эл! «Жакшы» деп айтпасак да жок дегенде Кыргыз жөнүндө жаман айтпасак» - деген сөздөрү таамай айтылды.
А чындыгында эле бир нерсе болсо «ошон үчүн кыргызбыз да», « анда кыргыз болбой калбайбызбы» деп тамашага да чынга да айлантып өзүбүздү өзүбүз басынтып, анекдотко айлантат экенбиз.
Эки саат ичинде көп сөздөр айтылса да баарыбыздын эле ой тилегибиз элибиздин амандыгы, жерибиздин бүтүндүгү, мамлекетибиздин келечеги болду. Мамлекеттик кызматты аркалап келе жаткан Ибрагим Жунусов мырзанын иштерине ийгилик каалап биз, жолго чыктык.

 ТРТнын «Түркия үнү» радиосу үчүн,

КТРКнын «Бинринчи радиосунун» кызматкери Бакыт Ашыракманов

Анкара шаары. 28.01.15. саат 20.15.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар