Анкаранын четиндеги кыргыздар менен баарлашуу (видео)

Кандаштар Кыргызстан дегенде ак эткенден так этип турушат экен.

193349
Анкаранын четиндеги кыргыздар менен баарлашуу (видео)

Памирде жашаган кандаштарыбыз убагында Пакистан, Ооганстан аркылуу Түркия мамлекетинин башчыларынын жардамы менен бул жактын Ван аймагына жайгашып калышкан. Ошол учурдагы кыргыздардын башын бириктирип турган Рахманкул хандын билимдүүлүгү, көрө билгичтигинин аркасында 200 дөн ашык үй-бүлө Түркиянын Ван аймагына отурукташышкан.
Ал эми мындан бир эки жыл мурун Ван аймагынан 50 дөй түтүн Анкара шаарынын Чубук деген жерине келип отурукташып, жашоосун улантып келүүдө.
Учурдан пайдаланып Түрк Теле радиосунун «Кыргызча» бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Асанбаев менен биргеликте бул жердеги кандаштарыбыздын акыбалын сурап келүүнү максат кылып Чубук районун көздөй багыт алдык.
Анкаранын аэропортунан ары кеткен аймакта жашаган кандаштарыбыз бизди жылуу тосуп алышты...
Жаңы салынган, бардык шарттары түзүлгөн көп кабаттуу жылуу үйдө кандаштарыбыз жашоосун улантып жатканына ыраазы боло аларды сөзгө тарттым.
Жакын салынган көп кабаттуу үйлөрдө кандаштарыбыз түрк боордошторубуз менен бир үй- бүлөдөй, ынтымактуу жашап келээрин айтып отурушту. Ал эми баарлашуу учурунда намаз окуу убактысы болуп калгандыктан, аксакалдар атайын бөлмөгө кирип намаз окуп чыгышты.
Отургандар Памирде төрөлүп өссө да аталары үйрөткөн ырларды да унутпай көкүрөгүндө сактап келгенине күбө болдук.
Биз аксакалдар менен баарлашканча мээримин төккөн энелер тамак ашын да даярдай коюшту. Улутубуздун тамак ашын, салт санаасын, тилин, дилин, кийимдерин сактап келген кандаштарыбыз Ата-Журт дегенде ак эткенден так этишет.
Тамак ичилип болгон соң ата бабабыздын арбактарына арналып куран окулуп бата тиленди.
Ошентип Анкарага келген ар бир учур өзүнчө бир жаңылыктар менен коштолуп атты. Эң башкысы Памирдин аскасы бийик тоолорунан бери келишкен кандаштарыбызга жолугуп, алар менен баарлашып келгенибизге ыраазы болуп кайттык. «Памирде калган кыргыздарга колунар жетсе экен, ошолордун тагдырын да ойлоп койсонор» - деп ар бири кетээрибизде кан какшап калышты.
Аманчылык тилейбиз сиздерге, убагы келсе алыстагы кыргыздардын да Мекенине кайта турган мезгили келээр деген үмүт менен жолго чыктык...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар