Таиландга баш калкалаган 400 уйгур түркү абакта

Жарандык коом уюмдары уйгур түрктөрүн унуткан жок

184163
Таиландга баш калкалаган 400 уйгур түркү абакта

Стамбулда жолугушкан жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү Таиландга баш калкалаган уйгур түрктөрүнүн Кытайга тапшырылбашын суранды. 23 жарандык коом уюму уйгур түрктөрүнө колдоо берүү максатында митинг өткөрүштү. Түрк Эгитим  Сендин жол башчылыгында чогулган топ Сиркежи почтасынын алдында билдирүү жасады. Топ Кытайда  жасалган зомбулуктан качып Таиландга баш калкалаган уйгур түрктөрүнө ээ чыгуу керектигин белгиледи. Топ андан кийин уйгур түрктөрүнүн Кытайга тапшырылбашын каалаган  арыздарды Таиланд элчилигине, БУУнун Качкындар Түркия бөлүмү жана тышкы иштер министрлигине жиберди. 

Кытайдын кысымынан качып Таиландга баш калкалаган 400 уйгур түркү абакта.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар