Армения – Азербайжан фронтунда кагылышуу
Азербайжан буктурмаларынан өтүүгө аракет кылган армян чалгындоо жана саботаж бөлүгү менен Азербайжан аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты
Азербайжан армиясы менен армян армиясынын ортосунда чыккан кагылышууда бир армян аскеринин туткунга алынганы билдирилди.
Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда кечээ кечки сааттарда фронт жолунда Агдам аймагында Азербайжан буктурмаларынан өтүүгө аракет кылган армян чалгындоо жана саботаж бөлүгү менен Азербайжан аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты. Кыска убакытка созулган кагылышуудан кийин армяндар жоготууга учурап артка чегинип, армян чалгындоо бөлүгүнөн Арсен Багдасарян атту аскердин туткунга түшкөнү билдирилди. Багдасаряндын профессонал аскер экени жана караштуу болгон бөлүктүн эмне максатта фронт жолунан өтүүнү каалганынын иликтенгени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.