Кеңеш Жусуповдун сыйлык алгандагы сөзү

Кеңеш Жусуповдун Түрк дүйнөсүнө кызмат фондунун сыйлыгын алгандагы сөзү.

210019
Кеңеш Жусуповдун сыйлык алгандагы сөзү

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кадырлуу туугандарым!

 

Түркияда Түрк маданиятына кызмыт ардактуу сыйлыгына татыктуу болгонума абдан кубанып турамын. Бул сыйлыкты менин өмүрүм боюнча элимин тарыхына, адабиятына, жалпы маданиятына сиңирген эмгегиме берилген баа деп билем.Ушундай баалуу сыйлыкты уюштургандарга ыраазычылык билдирип кетмекчимин.
Кыргыз элинин оозеки тарыхый санжырасы боюнча Кыргыз Ата менен Түрк Атанын түпкү теги бир. Байыркы бабаларыбыздын Орхондо, Энесай боюнда, Алтай тоолорунун ой-кырларында калтырган мурастары оозеки тарых-санжыра, фольклор, эпостор, байыркы рун сымал жазуулары аркылуу бизге келип жетти.
Бабалардын мурасын: Теңирчилик дини, анын философиясы, шамандык инанчы, рун сымал жазуулар, ташка тартылган сүрөттөр сыяктуу түбөлүктүү нерселер түзүп турат. Жоокерчилик өнөр, акылмандарынын осуят-накылы, адеп-ахлак сабактары, кол өнөрчүлүк, улуу “Манас” эпосу баштаган бай оозеки чыгармачылык да ошол көчмөндөр маданиятынын өрнөгү катары миң жылдар бою эл ичинде эскирбей жашап келет. 
Азыркы тарыхый шарттарда байыркы көчмөн түрк элдеринин улуттук маданиятына, цивилизациясына жаңыча мамиле, жаңыча илимий көз караштагы олуттуу изилдөөлөргө зарылчылык бар.
Биздин алдыбызда түрк калктарынын жалгыздап эмес, түрк элдеринин жалпы муундары биригип чече турган далай милдеттер турат. Бул милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыра алсак, XXI кылымда бабаларыбыздын даңктуу өтмүшүн жана маданий, руханий мурасын дүйнө коомчулугу алдында даназалай алар элек.
Азыркы учурда түрк элдеринин маданияты тууралуу энциклопедиялар даярдалып, биргелешкен маданият музейлери, анын ичинде эски кол жазмалар жана китеп музейлери уюштурулса дурус болмок. Булардын өрнөктөрү Стамбулда, Бишкекте, Астанада жана башка борбор шаарларда курулушун каалар элем.
Ошондой эле тарыхка жана маданиятка байланышкан чыгармалар боюнча Түрк Дүйнөсү эл аралык адабият, илим, кино сыйлыктарын уюштуруу жана байыркы бабаларыбыз жердеген Түштүк Сибирь, Монголияга илимий экспедициялар жасап, орток олуттуу изилдөөлөр жүргүзүү милдети да алдыбызда турат. Бир кезде биздин орток тарыхый мурасыбыз болгон таштарга чегилген жазуулардын Түштүк Сибирде тоодо-ташта кароосуз чачылып жатканын өз көзүм менен көрүп жаным абдан кейиген эле. Биздин республикабыздагы таш эстеликтер азыр да чет өлкөлөргө уурдалып кетип жатат.
Учурубузда тиешелүү министрликтердин алдында жалпы түрк элдеринин интеллектуалдарынын атайын Жумушчу Борборун (же Клубун дейбизби) түзүү керек го деп ойлойм. Борбор келечекте ар түрдүү тематикадагы китептерди, энциклопедияларды чыгарып, фестиваль, көргөзмө, сыйлыктарды уюштурууга, илимий чогулуш, жолугушууларды өткөрүүгө жардамы тиймек. Албетте, бүгүн бизди сыйлап отурган Түрк Маданиятына Кызмат фонду сыяктуу уюмдар, фонддор башка жерлерде да ачылган чыгар, бирок биздин алар менен жасалган кызматташтык тууралуу кабарыбыз болбой калып жатат.
Бүгүнкү заманда түрк элдеринин чыныгы патриот атуулдары ар кандай кыйынчылыкка моюн сунбай, башка өнүккөн өлкөлөрдүн маданий, руханий жарышынан кем калбай, мыкты ойлорду, идеяларды, эмгектерди жаратуусу керек. Ошондо өзүбүздүн жана бөлөк элдердин өкүлдөрү бизди карап: “Түрк элинин уулу болуш кандай сыймык!” деп тамшанып, суктангандай болушсун!
Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!
Эми өзүм жазган китептерими жана жыйнаган он томдук “Кыргыздар” китебин Түрк маданиятына кызмат фондуна белек кылып коюуга уруксат этиниздер.

Кеңеш Жусуповдун Түрк дүйнөсүнө кызмат фондунда сүйлөгөн сөзүн окудуңуздар.

Кеңеш Жусуповдун Түрк дүйнөсүнө кызмат фондунун сыйлыгын алгандагы сөзү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар