Закирбек Дүйшөнбек уулу Түрк тоюнда

Закирбек Дүйшөнбек уулу "Түрк тоюнда" өнөрүн көрсөттү.

173304
Закирбек Дүйшөнбек уулу Түрк тоюнда

ТРТ Аваз телеканалалынын түрк тилдүү элдердин достугун чыңдоо максатында уюштурулган “Түрк тою” долбоорунун бул жолку катышуучулары - кыргызстандык белгилүү, таланттуу жаш комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, казакстандык домбурачы жигит Эржан Эрболот уулу, казак элдик ырларды чебер аткарган ырчы Ардак Балажанова жана түрк санатчылары болду.

Салтанатка Анкарадагы кыргыз коомунун жаштары, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов баш болгон элчиликтин жана боордош казак элчилигинен келген өкүлдөр, КТРКнын ТРТга тажрыйба алмашуу үчүн келген кызматкерлери жана ТРТ-Аваз каналынын жетекчилиги катышты. Концерттин эң кызыктуу бөлүгү – Кыргызстан менен Казакстандан келген улуттук аспапта чебер оюн көрсөткөн таланттардын «Күү айтышы» болду. Өнөргө ортоктош болгондор эки элдин улуттук аспабынын коштоосундагы күү кайрыктарынан улам, көчмөн элдин тарыхына, азделген салтына, эки элдин ортосундагы бекем достукка күбө болушту. Мекенинен алыста жургөн эл, жогорку чеберчиликте аткарылган улуттук күүлөрдүн кайталангыс кайрыкытарына тан беришти.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов бул иш-чара ТРТ-Аваз телеканалы тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Мындай «Түрк тою» сыяктуу телекөрсөтүүлөр өлкөлөр ортосундагы достукка түбөлүктүү көпүрө болоорун белгиледи. Ошондой эле түрк элдеринин достугун бекемдеген каналдын ишмердүүлугүнө ийгилик каалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар