Коомдогу жолугушуу

Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкара өкүлчүлүгүнө КТРКнын кызматкерлери барышты.

172711
Коомдогу жолугушуу

Кечээ, 26-октябрда Анкара шаарындагы «Кыргызстан достук жана маданият» коомунун Анкара өкүлчүлүгүндө КТРКнын «ТРТ-Аваз» жана «Түркия үнү» радиосунда тажрыйба алмашуу максатында жүргөн кызматкерлери менен коомдун мүчөлөрү жолугушуу өткөрдү. Аталган коомдун төрагасы Мирбек Жолдошбаев кыргызстандык конокторго коомдун түптөлүшү, аткарган иш-аракеттери, негизги вазийпасы, алдыда турган пландары өңүтүндө кеңири маалымдады. Анкара шаарында иштеп, окуп жатышкан кыргыз атуулдары өздөрүнүн аткарып жаткан иштери, окуулары жөнүндө баян курушту. Иш-чара учурунда эки тараптуу сүйлөшүү, кеңири пикир алмашуулар жүрдү. Кеченин соңунда КТРКнын кызматкери Кадыр Калилов көрүнүктүү коомдук ишмер, кыргыздын чыгаан уулу Султан Ибриамов жөнүндө жазылган «Өчпөс ысым» аттуу китебин автор катары кол тамга жазып, коомдун төрагасы Мирбек Жолдошбаевге көпчүлүктүн кол чабуусунун коштоосунда эстеликке тапшырды. Жолугушуу достук маанайда өтүп, кыргызстандык меймандарга сый көрсөтүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар