Ататүрк мавзолейи Аныткабирге зыярат

КТРКнын кызматкерлери Ататүрк мавзолейи Аныткабирге зыярат кылышты.

157999
Ататүрк мавзолейи Аныткабирге зыярат

АНКАРАДАГЫ ЫЙЫК ЖАЙ

Кыргыз коомдук теле-радио корпорациясынан (КТРК) Түркиядагы мамлекеттик радио-телеканал ТРТга иш тажрыйбасын алмашуу үчүн келишкен Кадыр Калилов, Салтанат Калдыбаева, Гүлшан Кулматова жана Куштар Осмоналиевдер Ататүрктүн мавзолейине зыярат кылышып, таазим кылып келишти.
Андагы таасирлерин Кадыр Калилов мындай билдирген:
«Ататүрктүн атагы дүйнөгө даңазалуу. Ырасында анын Түрк мамлекетин түптөөдө, өз алдынча өнүккөн өлкө катары ааламга таанытуудагы эмгеги эбегейсиз. Анкара шаарынын так ордосунан орун алган «Ататүрк бейитинде» болгондон кийин айтылган аңыз кептин адилеттигине ынандык. Мындагы тарыхый экспонанттар, табылгыс документтер, узак жылдардан бери чогултулган далилдер, бул ыйык жерге келип, таман таштаган адамга Түрк улутунун лидери, түбөлүк заман залкары тууралу көп нерселерди эске салды.
Бейитке келген ар бир пенде мовзлей бөлүмдөрүн кыдырып жүрүп, анын сыйкыр күчүнө азгырылып, кыялында улуу инсан Ататүрк менен кошо жүргөндөй сезимге кабылары талашсыз. Анын денеси жашырылган таш жанындагы тасма көп нерселерден кабар берет. Ататүрктүн тирүү кезинде сакталып калган үнүн укканда дене боюң дүркүрөп, касиеттүү күчкө арбалганың сезбей каласың.
Ыйык жайда зыярат кылып, кыдырып чыккандан кийин заман залкарынын түрк улуту үчүн жасаган кайталангыс ишмердигине баш ийип таазим этесиң. Улуттун тилин, маданиятын, адабиятын, үрп-адат, каада-салтын сактап калууда, түрк элинин эртеңи күнүн, келечегин көрө билген көрөгөчтүгү анын көсөмдүгүндө катылып жатканын туясың.
Ататүрк ыйык жайына келгендер чындыгында арбын экенине күбө болдук. Мында келгендерди тосуп алып, мээримдүү узаткандай сезим калтырган жолдун эки боюндагы мрамор ташынан жасалган 24 айбаттуу арстандар бейиттин бейпилдигине көз артып тургансыйт. Түбөлүк тур, Ататүрк ыйык бейити! Аныткабир!»


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар