Манас ааламы, улуттук идеология жана мусулманчылык парз

Манас ааламы, улуттук идеология жана мусулманчылык парз жөнүндө ой-толгоолор.

147935
Манас ааламы, улуттук идеология жана мусулманчылык парз

Манас ааламы, улуттук идеология жана мусулманчылык парз.

Кыргыз эли өтө байыркы эл. Аны менен замандаш байыркы элдердин канчасы бүгүнкү күнгө жетпей жок болуп, башка элге сиңип кетти. Жаратканга миң мертебе шүгүрчүлүк, не бир кыйын-катаал күндөрдөн, Кыргыз элимди аман-эсен алып чыгып, бүгүнкү күнгө жеткирип олтурат. Эчен ирет, кандай гана кыйын күндөр баштарынан өтсө да, кыргыз эли эмнеси менен тарых бүктөмүндө жок болуп кетпей, бүгүнкү күнгө жетип олтурат? Айрым башка элдерчилеп көр дүйнө азгырыгына азгырылбай, көр оокаттан бийигиреек туруп, руханий байлык топтоого далалат жасап, абийирди баарынан бийик коюп, табияттын мыйзамына каршы чыкпай турмуш кечиргенинде болду. Бул жашоо мыйзамын ар бир доордо жашаган нарктуу ата-бабаларыбыз санжыргалуу улуу баяндары, ар нерсени өз ордуна койгон салт-санаа, үрп адаттары жана ташка тамга басылгандай таамай айтылган макал-ылакаптары, кылым тарыхын кайрыктарына камтыган комуз күүлөрү аркылуу кийинки муунга мурастап жүрүп олтурду. Анан албетте Айкөл Манас атадай чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, жалпы элдин камын ойлогон, жеке кызыкчылыгынан журттун кызыкчылыгын алда канча жогору койгон даанышман, ар намыстуу, баатыр ата-бабаларыбыздын жасаган иштери, кылган кызматы мунун да башкы себептеринин бири.
Манас демекчи – бул ысым кыргыз эли үчүн Жараткандан кийинки эле улуу ысымдардын бири. Манас эпосун окуп чыккан кыргыз баласы буга сөзсүз ынанат. Айкөл Манас атанын элге жерге кылган кызматы, ар бир айткан сөзү, ар намыс, абийирди бийик тутканы биз үчүн улуу өрнөк. Бир кезде сырт душмандын аесуз баскынчылык саясатынын айынан ар кими ар кай жакка тентип, Ата-журтун аргасыз таштоого мажбур болгон элдин үмүт-тилегин орундатып, Ата-журтун душмандардан бошотуп, кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып, элин адилеттүүлүк менен башкарып, улуу Кыргыз мамлекетин түптөгөн Айкөл Манас ата кийин улуу баянга айланып, миңдеген жылдардан бери ооздон оозго өтүп, жүрөктөн жүрөккө кирип айтылып келет. Мында да Жараткан кийинки муундарына өрнөк болсун деп манасчылык өнөрдү ыроолоп, Кудайга шүгүр ар бир доордун өз манасчылары бул бийик озуйпаны татыктуу аткарып келишет.


Эгемендүүлүккө ээ болгон 20 жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик идеологиябызды табалбай, тапсак да туура пайдалана албай убара үстүнө убара тартып келебиз. Бир кезде киргизген Манас атанын жети осуяты баш болгон бир канча идеологиялык саясатыбыз негедир өз жемишин бере албады. Мунун түпкү себеби жасалмалуулуктабы деп ойлойм. Идеология эч убакта кооз, акылдуу жазылган сөздөрдөн турбайт. Жүрөктөн чыккан нерсе гана жүрөккө кирет демекчи, ал жөнөкөй жана ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашап, канында ойноп турган нерсе болуш керек. Албете муну бизге Айкөл Манас ата өз өмүрү, элине жасаган ак кызматы менен үлгү кылып, нускалап кетти. Мусулманчылыктагы «сүннөт» (үлгү тутуу) деген түшүнүк бизге ушул жерден керек болуп тургансыйт. Мухаммед (Жараткан Алла Талланын ага салам салаваттары болсун) пайгамбарыбыздан үлгү алып, аны туурап жашасак адашпайбыз деген түшүнүк менен миллиондогон үммөттөрү жашоо кечирип келишет. Муну алар бекем карманышат. Бирок көпчүлүк түшүнүп жүргөндөй «сүннөт» деген сырткы кийим-кече, сакал коюу менен эле чектелбейт. Эң негизги «сүннөт» пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму, ички адеп-ахлагы, адамдык бийик асыл сапаттары, даанышмандыгы, кыскасын айтканда ички маданияты болууга тийиш. Сүннөт деп, жап жаш туруп сакал коюп, узун кийим кийип, бирок, пайгамбарыбыздын ички маданиятын үлгү тута албагандар өтө зээнди кейитет. Башына жакшынакай ак калпагын кийип, улуттук кийимби, кастюм шымбы, айтор өзүнө жарашыктуу кийимди кийип, намазын окуп, пайгамбарыбыздын адеп-ахлагынан, ички маданиятынан үлгү тутуп, ар бир адамга жакшылыгын арнап жүргөн замандаштарымды көргөндө ичиң жылый түшөт.


Мына ушул сыяктуу биз да кыргыздар Манас атаны ошондой үлгү тутуп, анын айкөлдүгүнөн тартып, ар намыстуулугун, адилеттүүлүгүн, калыстыгын, эр жүрөк баатырдыгын, кыраакылыгын, даанышмандыгын, эл жерине чын дилден кызмат кыла билген мекенчилдигин «сүннөт» катары турмушубузда пайдалана билүүгө аракет кылсак, издеп таппай жүргөн идеологиябыз өзүнөн-өзү жолго коюларына эч шегим жок. Бирок, тилекке каршы бизде азыр, эптеп эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жеп жутсам, байлык топтоп алсам, жасалма жол менен болсо да эптеп элге атым чыгып, шайлоо учурунда пайдаланып алсам, кандай жол менен болсо да бийлик мансапка жетсем деген идеология үстөмдүк кылууда. Адамдык абийирден аша кечип, бирин-бири караламай, кошоматчылыктын миң кырлуу үлгүлөрүн көргөзүп максатына жетүү, элин, жерин сатуудан кайра тартпаган атуулдарыбыздын көбөйүп баратышы жийиркентпей койбойт. Кезинде Манас ата өз элине гана эмес душманына да адилеттүү мамиле кыла билген. Канчалык күчтүү империя түзсө дагы баскынчылык саясатын жүргүзгөн эмес. Калыс,адилеттүү саясаты үчүн ага туш-туштан агылып эчен эрлер, не бир элдер келип өз ниеттери менен кошулган. Азыр бизде сырт душманды кой, кыргыз саясатчыларыбыз бири-бирине адамдык абийирге туура келбеген ыплас, адилетсиз иштерди кылышууда. А дүйнөдө чоң-чоң империялар баскынчылык саясатын күндөн күнгө арттырышууда. Демек Айкөл Манас атабыз бир эле кыргыз элине эмес, жалпы дүйнө элине үлгү болоор бийик деңгээлде саясат жүргүзгөн. Ар бир кыргыздан Манас эпосун толук окуп чыгуусун суранып кетээр элем. Айрыкча намаз окуп, дин жолунда жүргөн кыргыз жаштарыбыздан көптөн-көп өтүнөм. Анткени Манас эпосун окуп чыккан адам андагы нарк-насилдин, эл жерине ак дилден кызмат кылуунун не бир сонун бийик үлгүлөрүн көрө алат. Табияттын, тагыраак айтканда Жараткандын мыйзамына шайкеш келген сонун дүйнөгө туш болот. Ошол эле учурда улуттук дүйнө таанымды үлгү тутуп жашап жүргөн мекенчил жаштарыбызды Ыйык Куранды чын дилден ниет кылуу менен окуп чыгуусун суранам. Куранда Жараткандын жалпы адамзатка нускоо иретинде, эскертүү иретинде айткан асыл сөздөрү бар. Көпчүлүк бүгүн бири-бирине карама каршы коюп жүргөндөй Куранда айтылган сөздөр менен Манаста баяндалган сөздөр эч убакта бири-бирине карама-каршы келбейт. Мен экөөнү тең окуп чыккан үчүн бул ойго бекем ишенем. Экөөнөн тең эбегейсиз зор руханий азык аласың. Кыргыздын улуттук дүйнө таанымы менен ислам дининдеги түшүнүктөр дээрлик окшош эле. Экөө тең адамдык абийирди бийик тутууга, эл-жерге ак кызмат кылууга, табиятка сый мамиле кылууга, адамдарга колуңдан келген жакшылыгыңды кылууга үндөйт. Кандайдыр бир саясий кызыкчылыкты көздөгөн топтор гана карама каршы коюп жибербесе, чыныгы руханий жактан алып караганда, бирин-бири толуктап турган Жараткандын адамзатка берген улуу белеги деп айтаар элем. Ошондуктан намаз окуп, дин жолунда жүргөн жаштарыбыздан улуттук баалулуктарыбызды да баалай билсеңиздер, улуттук дүйнө таанымыбызды туу тутуп жашап жүргөн жаштарыбыздан мусулманчылыктагы баалулуктарды чанбай, Курандын ыйыктыгына шек келтирбей экөөнү тең айкалыштырып колдоно билсек –эртерээк өнүгөт белек деп ойлоп кетем. Кыргыздын улуттук дүйнө таанымынын өзөгүн терең билген киши менен Курандын, мусулманчылыктын өзөгүн терең түшүнгөн киши эч убакта талашпас эле. Айкөл Манас атабыз менен Мухаммед пайгамбарыбыз (экөөнө тең Жараткан Алла Тааламдын салам салаваттары болсун) эгер жолугуп кала турган болсо (кайсы дүйнөдө болсо дагы) көкүрөк тийгизе кучакташып, айткан ойлору бир жерден чыгып, бири-бирине бийик сый урмат менен мамиле кылышса керек деп ойлом. Айкөл Манас атанын урпактары менен Мухаммед пайгамбарыбыздын үммөттөрү эмне үчүн андай сый мамиледе боло албай жатабыз. Ага деңгээлибиз жетпей жатабы? Анан да бир эле кыргыз болуп туруп, бири-бирибизди эки жээктеги эки башка адамдай карайбыз.
Мен өзүмдү бир эле учурда Манас атанын урпагымын жана Мухаммед пайгамбарыбыздын үммөтүмүн деп сезем. Бүгүн бизде ушул ажырым чоңоюп бараткандай сезилет. Акыркы күндөрү мени ушул нерсе көбүрөөк түйшөлтчү болду. Мисалы мен өзүм улуттук баалулуктарыбызды көздүн карегиндей сактоого, Манастан алган үлгүлөрдү туу тутуп жашоого, Кыргызстан деген ыйык мекениме чын дилден ак кызмат кылууга, ошол эле учурда беш маал намаз окуп, Курандын ыйыктыгын сезип, жан дүйнөмдү аруулап тазалоого, кайсы гана улут болбосун (эң ириде адамгерчилигине карап), баардыгына терең сый урмат менен мамиле кылууга аракет кылып жашап келем.
Бир эл болуп туруп эки-үч жээкке бөлүнүп алып кайым айтыша бербей, мамлекетибиздин келечегин ойлоп, жети өлчөп бир кесүү менен жакшы жыйнтыкка келүүгө чын дилден чакырып кетем. Бул жагынан улуттук сезимин дагы, мусулманчылык парзын дагы бекем сактоо менен бирдей алып жүргөн Түркия мамлекетинен үлгү алсак, алда канча туура болчудай.


Жогоруда айтылган маселелердин эртерек иретке келтирилишин, Кыргыз мамлекетимдин өнүгүп өсүүсүн Кудайдан тилеп ,
Атайын ТРТ үнү радиосунун кыргыз бөлүмүнүн веб-сайты үчүн
Жаныбек Эсеналиев.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар