Жайылдын жазган ырынан бир саам

Түркиянын мамлекеттик мекемеси ТРТга иш-тажрыйбасын алуу үчүн келген Жайыл Руслановдун арноо ыры.

133724
Жайылдын жазган ырынан бир саам


САЛАМ КАТ

Адамзат жашайт мында, болуп кайыл
Интернет учу-кыйыры жок чоң бир айыл
Ыр менен сизге алыстан кат жөнөтөт
Баягы сиз тажаган бейбаш Жайыл.

Кыргыздар меймандос калк колу ачык
Бар болсо коногуна баарын чачып
Өзгөчө Алмаз абам кур чыгарбайт
Каалганы кирип келсе бирөө ачып.

Тынымсыз кош чайнеги турат кайнап
Табакта өрүк, мейиз баары жайнап
Эшиктен кирген желге толкуп турат
Агайдын үстөлүндө кызыл байрак.

Ал байрак жүрөгүнө дем-күч берип
Ар убак кайда барса болот шерик
Адамдар унутса да мезгил өтүп
А желек эч убакта койбойт жерип.

Мусапыр кана аталып конок жайы
Жайгашкан ар кыл адам кедей байы
Азыр да таңдайымды такылдатат
Алмаздай баякемдин чомо чайы.

Чаалыкса кубат берип көңүлүнө
Чомо чай чоң жардамчы өмүрүнө
Чоргодон тамчылаган тамчы үнү
Чынында окшоп кетет көл үнүнө.

Анткени Ысык-Көлү куттуу жери
Алмашкыс эч нерсеге токой чери
Ала –Тоо, ак калпактуу кыргыз үчүн
Агайдын маңдайынан агат тери.

Жердешчил мекенине билик болгон
Элинин эртеңкисин бийик койгон
Укса да түркүн кепти коногунан
Укмаксан көңүлгө албай чийип койгон
Шашпаган сабыры күч агайымдын
Жубайы мыкты экенин билип койдум.

Анкара сага арналат соңку кебим
Азыр да сакталыптыр улуу чебиң
Ал өңдүү сен да жашап түбөлүккө
Өнүгүп бийиктерге канат кергин
Алмаздай ага-эжелер сенде жүрөт
Аларга өгөйсүнбөй жардам бергин
Кеңешим бизден барган бир туугандар
Ал жерден акча эле эмес акыл тергин
Баарыңдын ат мамыңар Кыргызстан
Мекенге аман-эсен кайтып келгин.

 

Жайыл Русланов

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар