Президент Эрдоган: «(Израиль бийлиги) Гитлер саяктуу наалат менен эскерилет»

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «Түркия кылымынын конституциясы, Жарандык конституция- күчтүү Түркия» симпозиумунда сөз сүйлөдү.

2144764
Президент Эрдоган: «(Израиль бийлиги) Гитлер саяктуу наалат менен эскерилет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган (Газада кыргындарын уланткан) Израиль башкаруучулугунун Гитлер сыяктуу наалат менен эскерилерин айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «Түркия кылымынын конституциясы, Жарандык конституция- күчтүү Түркия» симпозиумунда сөз сүйлөдү.

Эрдоган Израилдин Газадагы коопсуз аймак деп жарыялаган Рефахтагы качкындар лагерине ракеталык кол салуусуна абдан катаал реакция жасады.

«Бул кыргын террордук мамлекеттин чыккынчы жүзүн дагы бир жолу ачыкка чыгарды»,-деп айткан Эрдоган:«Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху өз өлкөсүндө бурчка такалды. Саясий өмүрүн дагы көп кан төгүү менен узарта албайт.  Ал туураган Гитлер (1889-1945) сыяктуу наалат менен эскерилүүдөн кутула алышпайт», - деди.

«Бул канкорлордун жоопко тартылышы үчүн колдон келгендин баарын жасай тургандарын» белгилеген Эрдоган: «Газалык боордошторубузга Аллахым жардам берсин»,-деп айтты.

Газа тилкесиндеги Рефах шаарына жер которгон палестиналыктардын чатырларына Израиль армиясынын кол салуусунан алгачкы эсептөөлөргө караганда 40 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар