Мицотакис Анкарага келет

Cапарда экономика, транспорт, илим, технология, айыл чарба, туризм, саламаттыкты сактоо жана эки тараптуу карым-катнаштар сыяктуу тармактарда кызматташтыктын улантылышы күн тартибинде болот.

2138644
Мицотакис Анкарага келет

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келет.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен уюштурулган сапарда экономика, транспорт, илим, технология, айыл чарба, туризм, саламаттыкты сактоо жана эки тараптуу карым-катнаштар сыяктуу тармактарда кызматташтыктын улантылышы күн тартибинде болот.

Батыш Фракиядагы түрк азчылыгы менен Родос, Кос жана Салоникидеги түрк мекендештерине байланыштуу темалар талкуулана турган жолугушууларда террорго, мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү жана бул тармактагы кызматташуу каралат.

Сапардын алкагында аймактык жана эл аралык окуялар, өзгөчө Израиль-Палестина маселеси боюнча Түркиянын көз караштарынын грек тарапка жеткирилиши да күтүлүүдө.

Сапардын алдында «Элефтерос Типос» гезитине маалымат берген Грециянын премьер-министри Жерен да президент Эрдоган менен жолугушуусунун максатынын, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу жакындашуу процессинин уланышын камсыз кылуу экенин айтты.

Президент Эрдогандын 7-декабрда Грецияда өткөрүлгөн Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинен улам Грецияга жасаган сапары менен карым-катнаштарда жаңы мезгил башталган.



Тектеш кабарлар