Дагы бир диярбакырлык эне баласы менен жолугушту

Террордук уюм ПКК тарабынан 2013-жылы тоого алынып кеткен З.Ж. жандармериянын көндүрүү аракетинин натыйжасында коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

2092908
Дагы бир диярбакырлык эне баласы менен жолугушту

Балдары жикчил террордук уюм ПКК тарабынан алынып кеткен диярбакырлык энелердин дагы бирөө баласы менен жолугушту.

Террордук уюм ПКК тарабынан 2013-жылы тоого алынып кеткен З.Ж. жандармериянын көндүрүү аракетинин натыйжасында коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

17 жашында алданып калган З.Ж үй-бүлөсү менен кайрадан жолугушту.

Диярбакырдагы жолугушууда эмоциялуу учурлар болду.

Акыркы жолугушуу менен бирге Элдик демократиялык партиянын (ХДП) Диярбакыр облустук башкы кеңсесинин имаратынын алдында күзөтүп балдарын террордук уюмдун чеңгелинен куткарган үй-бүлөлөрдүн саны 49га жетти.



Тектеш кабарлар