Уралоглу: «Түркия кылымын транспорттун да кылымы кылабыз»

Уралоглу "Сабиха Гөкчен" аэропортунун экинчи учуу тилкесинин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

2080593
Уралоглу: «Түркия кылымын транспорттун да кылымы кылабыз»

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу: «Түркия кылымына даярбыз жана бул кылымды дагы көптөгөн долбоорлор менен даңазалап транспорттун да кылымы кылабыз»,-деди.

Уралоглу "Сабиха Гөкчен" аэропортунун экинчи учуу тилкесинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Түркия кылымына күчтүү кадам таштагандарын белгилеп, жаңы конуу тилкеси тууралуу маалымат берди.

Уралоглу: «Узундугу 3 миң 540 метрди түзгөн жана эң кенен кузовдуу учак коно турган экинчи учуу тилкесинен тышкары, үч такси жолу, 62 учак сыйымдуулугу бар ортоңку перрон жана 40 учакка ылайыкталган жүк перрон, аба кыймылын башкаруу мунарасы, техникалык блок, өрт өчүрүү кызматы жана гараж имараты сыяктуу 19 миң чарчы метр жабык аянтты ээлеген үстүнкү курулуштарды да замандын акыркы технологиясы менен жаңыладык. 91 метр бийиктиктеги аба кыймылын башкаруу мунарабыз 2023-жылдын 9-январынан бери бардык аба кыймылы системалары менен бирге 24/7 аба кыймылына кызмат кылууда»,-деди.

Министр Уралоглу: «Түркия кылымына даярбыз жана бул кылымды дагы көптөгөн долбоорлор жана кызматтар менен даңазалап транспорттун да кылымы кылабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар