Газадан түрк жарандарын эвакуациялоо уланууда

"Рефах" чек ара бекетинен Египетке өткөн түрк жарандарын ташыган жана Каир аэропортунан учкан Түрк аба жолдоруна таандык учак Стамбул аэропортуна конду.

2072559
Газадан түрк жарандарын эвакуациялоо уланууда

Израилдин кол салууларынан улам Газадан эвакуацияланган 130 түрк жараны жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Египет аркылуу Стамбулга келишти.

"Рефах" чек ара бекетинен Египетке өткөн түрк жарандарын ташыган жана Каир аэропортунан учкан Түрк аба жолдоруна таандык учак Стамбул аэропортуна конду.

Аэропорттон жарандарды Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) кызматкерлери тосуп алышты.

Паспорттук текшерүүдөн кийин айрым жарандар бөлүнгөн унаалар менен аэропорттон жөнөп кетишти. Ал эми башка облустарга бара турган жарандар автобустар менен AFAD тарабынан белгиленген мейманканаларга жайгаштырылды.

Израилдин Газанын борборундагы Аль-Мегази качкындар лагерине 5-ноябрдагы кол салуусунда 4 баласы жана 3 бир тууганынан ажыраган Анадолу агенттигинин (AA) оператору Мухаммед ел-Алул менен жараланган жубайы жана бир баласы да Стамбулга келди.

Мындан тышкары Стамбулга келген топтун арасында ААнын Газа кеңсесинде иштеген журналисттердин аман калган үй-бүлөлөрү да бар.



Тектеш кабарлар