Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Дагы 5 террорист таасирсиз кылынды.

2071217
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-Кулпу" операциясы аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, операцияга байланыштуу төмөнкү маалыматтар орун алды:

"Террористтер үчүн кутулуунун жолу жок! Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-Кулпу" операциясы аймагында аныкталган 5 ПКК террористи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен таасирсиз кылынды".

Министрликтин башка билдирүүсүндө да Сириянын түндүгүндөгү "Евфрат калканы" аймагына кол салууга даярданганы аныкталган ПКК/ЙПГга мүчө 2 террористтин ийгиликтүү операцияда таасирсиз абалга келтирилгени кабарланды. 


Этикеткалар: #"Чеңгел-Кулпу"

Тектеш кабарлар