Эрдогандын Германияга сапары дүйнөлүк басма сөздө да орун алды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жума күнкү Германия сапары дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алды.

2066056
Эрдогандын Германияга сапары дүйнөлүк басма сөздө да орун алды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жума күнкү Германия сапары дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алды.

Англиянын «The Telegraph» гезити Эрдогандын жөөттөрдүн геноцидине байланыштуу сөздөрүнө шилтеме жасап, «Эрдогандын айтымында, Германия Холокосттун айынан эркин сүйлөй албайт» деген тема койду.

Британ телерадиокомпаниясы Би-Би-Си : «Берлин Израилди катуу сындагандан кийин Эрдоган темасында кыжалат болууда» деп берди.

Американын «Politico» журналы «Эрдоган Германиянын Израилге карата «күнөөлүү психологиясы» бар экенин айтты» деген ат менен окурмандардын алдына чыкты.

Француз маалымат агенттиги AFP «Түркия Германия үчүн маанилүү оюнчу экенин далилдеди» деген баш сөз койду.

Француз гезити «Фигаро» : «Эрдоган Германияда «Балдарды өлтүрүү Тооратта жок» деди» деген билдирүүсүн чыгарды.

Германиянын «Der Spiegel» гезитинде Эрдогандын билдирүүлөрүн «Эрдогандын Берлинге аяр сапары» деген ат менен орун алды.

«Focus» гезити : «Эрдоган премьер-министрлик кеңсесинде Германияны Израиль темасында эскертти» деп берди.

«Deutsche Welle» Эрдогандын: «Мен эркин сүйлөй алам, анткени Израилге эч нерсе карыз эмеспиз»,- дегенин билдирген.

Орус маалымат агенттиги ТАСС президент Эрдогандын «Палестина маселесинде эки мамлекеттүү гана чечим бар» деген сөзүнө басым жасады.

Аль-Жазира: «Эрдоган ок атышпоо чакырыгын айтса, (Германиянын канцлери) Шольц Израилдин өзүн коргоо укугун колдоодо»,-деп берди.

Грециянын «Нафтемпорики» гезити «Эрдогандын Шольцтун алдында күч көрсөтүүсү» деген баш макала чыгарды.

«Катимерини» гезити Эрдогандын «Греция менен ар бир көйгөйдү үчүнчү тараптарсыз чече алабыз» деген сүйлөмүн баш сөзгө чыгарса, «Та Неа» гезити «Душмандарыбызды азайтып, досторубузду көбөйтүүнү каалайбыз» деген баш сөздү берди.

Израилде жарык көргөн «Times of Israel» гезити да Эрдогандын Германиянын Холокосттун айынан Израилди сындай албаганы тууралуу сөздөрүн жазган.



Тектеш кабарлар