Куртулмуш Швеция парламентинин спикери менен сүйлөштү

Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу процессти башынан бери абдан кылдаттык менен байкап жатканын белгилеген Куртулмуш, процессти эң кыска убакытта бүтүрүүнү үмүт кылгандарын айтты.

2064586
Куртулмуш Швеция парламентинин спикери менен сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Швеция парламентинин төрагасы Андреас Норлен менен видеоконференция системасы аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу процессти башынан бери абдан кылдаттык менен байкап жатканын белгилеген Куртулмуш, процессти эң кыска убакытта бүтүрүүнү үмүт кылгандарын айтты.

Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Президенттик жобого дароо кол коюп, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитетине жөнөткөнүн билдирген Куртулмуш, бул темада даярдалган мыйзам долбоорунун ушул жумада Комиссияда каралышы күтүлүп жатканын маалымдады.

Куртулмуш сунуш Комиссия тарабынан кабыл алынса Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде карала турганын жана эл өкүлдөрүнүн эрки менен акыркы чечимдин чыгарын белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш, Швециянын бул процессте өзгөчө «террор менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү» жана «Исламдын ыйыктарына каршы кол салууларды көрмөксөнгө салбоо» темасында оң мамиле менен иш алып барарына толук ишенгендерин айтты.

ПЙД/ЙПГ жана ФЕТӨ баш болгон террордук уюмдарга каршы күрөшүүдө чогуу кыймыл кылууну каалаган Куртулмуш, Финляндиядан талап кылынгандай Швециядан да террордук уюмдардын көрмөксөнгө салынбашын күткөндөрүн белгиледи.

Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары да каралган сүйлөшүүдө Куртулмуш, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинде Швециядан колдоо күткөндөрүн айтты.

Ошондой эле Израилдин Газа тилкеси жана Палестинанын шаарларына кол салуулары талкууланган сүйлөшүүдө Куртулмуш, эл аралык коомчулуктун Газа үчүн үнүн бийик чыгарышы керектигин баса белгилеп, Газада тез арада ок атышпоо жана гуманитардык жардам коридорунун түзүлүшү керектигине басым жасады.

Норлен да Түркиянын Швеция парламенти үчүн абдан маанилүү өлкө экенин жана кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүүнү чыдамсыздык менен күткөндөрүн билдирди.

Норлен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмушту Швецияга чакырып, аны Швеция парламентинде тосуп аларына кубана турганын айтты.



Тектеш кабарлар