Куртулмуш: «Израиль толук геноцид кылууда»

Нуман Куртулмуш Антальяда Облустук муфтийлердин кеңешме жыйынында сөз сүйлөдү.

2063817
Куртулмуш: «Израиль толук геноцид кылууда»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, Израилдин Палестинада кылгандарынын толук мааниде кыргын жана геноцид экенин билдирди.

Нуман Куртулмуш Антальяда Облустук муфтийлердин кеңешме жыйынында сөз сүйлөдү.

«Израилдин учурда Палестинада жасагандары толугу менен кыргын жана геноцид» деген Куртулмуш, Израилдин чоң аскердик күчүнөн тышкары АКШ жана Европанын колдоосун алганын айтты.

«Менин оюмча, Израилдин эң чоң күчү булар эмес. Израилдин эң чоң күчү – Ислам дүйнөсүнүн айласыздыгы жана Ислам дүйнөсүн камтыган бул абал»,-деген парламенттин төрагасы: «(Израилдин кыргындарына каршы) баарынан мурда өзүн-өзү сындашы керек болгон, туура эсептеши керек болгон бизбиз»,-деди.

7-октябрдан бери Израилдин Газага карай кол салууларында каза болгондордун саны 11 миңден ашты.



Тектеш кабарлар