Куртулмуш Палестина Улуттук Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Куртулмуш Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газада аскердик кылмыш кылганын айтты.

2062676
Куртулмуш Палестина Улуттук Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, Израилдин Палестинадагы кыргындарына реакция кылды.

Нуман Куртулмуш борбор шаар Анкарада Палестинанын Улуттук Кеңешинин төрагасы Равхи Фаттух менен жолугушту.

«Тилекке каршы, Газадагы бир туугандарыбыз учурда адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй зордук-зомбулукту баштан кечирүүдө. Биз бул жерде сүйлөшүп жатканда Газада үйлөр бомбаланууда» деген Куртулмуш Газадагы адамдардын эң негизги муктаждыктардан жана оорукана кызматтарынан да куру калганын айтты.

Куртулмуш Израилдин АКШ жана Батыш дүйнөсү да колдогон күч менен палестиналыктарга ар кандай зулумдуктарды жасаганын жана башкаруучулардын унчукпай турганын белгиледи.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газада аскердик кылмыш кылганын билдирген Куртулмуш: «Сребреница геноцидинин кылмышкерлери эл аралык согуш кылмыштары сотунда жазаланганы сыяктуу, учурда Газадагы геноциддин башкы жооптуусу Нетаньяху жана анын бандасы да Эл аралык согуш кылмыштары сотуна барып ошол жерде соттолот»,-деди.

Палестинанын Улуттук Кеңешинин төрагасы Феттух да Нетаньяху жана анын бандасынын Палестина элине каршы жүргүзүп жаткан согушунун уланып жатканын белгилеп, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш менен эл өкүлдөрүнө Палестина элине көрсөткөн эрдиги жана эр жүрөк мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газага жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 11 миңге жетти.



Тектеш кабарлар