Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук Коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.
Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-Кулпу" операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 6 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Күчүн асыл улутубуздан алган Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүн террористтерден тазалоо иштерин тынымсыз улантууда" деген сөз камтылды.
Билдирүүдө "Чеңгел-Кулпу" операциясы аймагында аныкталган 6 ПКК террористинин абадан операция менен таасирсиз абалга келтирилгени, аймакта бир дагы террорист калмайынча операциялардын чечкиндүү түрдө улана турганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.