Яшар Гүлер Сербиянын коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Гүлер Азербайжан программасынан кийин Сербияга барып, ал жерде кесиптеши Вучевич менен жолугушту.

2055822
Яшар Гүлер Сербиянын коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Сербиянын вице - премьер - министри жана коргоо министри Милош Вучевич менен жолугушту.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Гүлер Азербайжан программасынан кийин Сербияга барып, ал жерде кесиптеши Вучевич менен жолугушту.

Министр Гүлер делегациялар ортосундагы жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө : "Кесиптешим урматтуу Вучевич  менен ар тараптуу, позитивдүү жана конструктивдүү жолугушуу өткөрдүк. Биз туруктуулукту, коопсуздукту  сактоого артыкчылык беребиз. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сербия менен күчтүү тарыхы, маданий жана гуманитардык байланыштарга жана абдан жакшы деңгээлде карым  - катнаштарга ээ экенибизди, Балкан өлкөлөрүнүн тынчтык, ырааттуулук, жеринин бүтүндүгү жана эл аралык мекемелерге кошулушун, Сербиянын Европа Биримдигине кирүү максатын колдогондугубузду,  Европа  - Атлантика интеграциясына маани бергенибизди, аймакта туруктуу тынчтыкты жана ырааттуулукту камсыз кылуунун бирден бир жолу, Түркия катары өз милдетибизди аткарууну улантабыз, КФОР командачылыгын (НАТОнун Косово Тынчтык Күчтөрүн) колго алган өлкөбүздүн  туруктуулукка, коопсуздукту жана тартипти  калыстык менен өнүктүрүүгө,  коргоо өнөр жайы менен кошо кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз.ФЕТО менен күрөшүбүздө өлкөбүзгө берген колдоосуна ыраазы экенибизди билдирдик. Бул сезим жана ойлор менен  кесиптешим Вучевич мырзаны эң жакынкы убакта Түркияга чакырам»,- деди.

 



Тектеш кабарлар