Тунжелиде ПККга каршы операция жүргүзүлдү

Йерликая: «4 мезгил, 12 ай, 365 күн күнү-түнү террористтердин изин кууп жүрөбүз. Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланат»,-деди.

2052514
Тунжелиде ПККга каршы операция жүргүзүлдү

Тунжелинин Оважык районунун элет жеринде жикчил террордук уюмга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликаянын социалдык медиа баракчасындагы маалыматка караганда, Оважыктын Долудибек айылында Жандармерия SİHA, Атак тик учактары жана Аба күчтөрү командирлигинин колдоосу менен жандармериянын атайын операциялык тобу, десанттар жана коопсуздук күчтөрүнүн катышуусунда Шейит жандармерия офицери старшина Желил Мутлу операциясы уюштурулду.

Операцияда 2 террорист курал-жарактары менен таасирсиз кылынды.

Министр Йерликая операцияны уюштурган жандармерия жана коопсуздук кызматкерлерин куттуктап: «4 мезгил, 12 ай, 365 күн күнү-түнү террористтердин изин кууп жүрөбүз. Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар