Министр Фидан АКШда Ильва Юханссон менен жолугушту
Тышкы иштер министрлигинин социалдык медиа платформасы X баракчасынан, министр Фидандын Нью-Йорктогу жолугушуулары тууралуу билдирүү бөлүшүлдү.



Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы Түрк үйүндө Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын ички иштер боюнча жооптуу мүчөсү Ильва Юханссон менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин социалдык медиа платформасы X баракчасынан, министр Фидандын Нью-Йорктогу жолугушуулары тууралуу билдирүү бөлүшүлдү.
Бөлүшүүдө: «Министрибиз Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында Европа Биримдигинин ички иштер комиссары Ильва Юханссон менен Түрк үйүндө жолугушту. Жолугушууда виза эркиндиги жана мыйзамсыз иммиграция менен күрөшүү темалары талкууланды»,- деп маалымдалды.
Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, Хакан Фидандын Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Европадагы мусулмандар менен байланыш тобунун жыйынына да катышканы кабарланды.