Хакан Фидан Ирандын тышкы иштер министринин орун басары менен сүйлөштү
Фидан дос жана бир тууган Иран элине көңүл айтты.
2142069
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кени менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө министр Фидан, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахияндын каза болушуна терең кайгырганын билдирип, дос жана бир тууган Иран элине көңүл айтты.
Президент Раиси мурунку күнү Иран-Азербайжан чек арасындагы суу сактагычтын ачылыш аземинен кайтып келе жатканда тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян жана кээ бир жетекчилер менен тик учак кырсыгына кабылып каза болгон.
Тектеш кабарлар
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.