Эрдоган Реисинин өлүмүнө байланыштуу бир күндүк аза күтүү чечимин чыгаргандарын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Реисинин каза болушуна байланыштуу улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо чечимин чыгаргандарын билдиди.

2141966
Эрдоган Реисинин өлүмүнө байланыштуу бир күндүк аза күтүү чечимин чыгаргандарын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Реисинин каза болушуна байланыштуу улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо чечимин чыгаргандарын билдиди.

Президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Ирандын президенти Реиси жана коштоосундагылардын тик учак кырсыгында каза болушунан терең кайгырганын белгилеген Эрдоган : "Кабинет жыйынында Иран калкынын кайгысын бөлүшүү үчүн өлкөбүздө бир күндүк улуттук аза күтүү жарыялоо чечимин чыгардык",- деди. 

Эрдоган Реиси жана делегациясы ичинде болгон тик учак кырсыкка учурагандан кийин Ирандын талабы боюнча бул өлкөгө жиберилген АКЫНЖЫ учкучсуз учуучу аппараттарынын ыңгайсыз аба шарттарына карабастан аймакта  7,5 саат издөө иштерин жүргүзүп, жалпы  2100 километрдик учууну ишке ашыргандыгын да белгиледи. 

Бир күн мурда Иран-Азербайжан чек арасындагы дамбанын ачылыш аземине катышкан президент Реиси тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян жана кээ бир жетекчилер менен бирге тик учак кырсыгына кабылды.

Түркия Ирандын талабы боюнча АКЫНЖЫ учкучсуз учуучу аппаратын издөө-куткаруу иштери үчүн дайындады. АКЫНЖЫ  учкучсуз учуучу аппараты тарабынан аныкталган тик учактын калдыктарынын координаттары Иран бийлиги менен бөлүшүлдү.

Аныкталган жерге барган Ирандык топтор  кырсыктан аман калгандардын жок экендигин белгилешти.

 

 



Тектеш кабарлар