Эрдоган Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго куттуктоо телеграммасы келди.

2032098
Эрдоган Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Башатында жалпы тил, маданият жана тарых турган стратегиялык мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн өз ара түшүнүшүү жана өз ара жардам көрсөтүү нугунда өнүгө берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана бак-таалай, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.



Тектеш кабарлар