Министр Кажыр : Түркия бардык чоң жыйырма өлкөлөрү менен иштешкенге даяр

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр санариптик коопсуздуктун бардык өлкөлөр үчүн алдыңкылык экендигин белгиледи.

2026720
Министр Кажыр : Түркия бардык чоң жыйырма өлкөлөрү менен иштешкенге даяр

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр санариптик коопсуздуктун бардык өлкөлөр үчүн алдыңкылык экендигин белгилеп : "Түркия коопсуз  жана туруктуу санариптик экономиканы түзүү үчүн чоң жыйырмалардын бардык өлкөлөрү менен кызматташууга даяр»,-деди. 

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Кажыр Индиянын Бангалор шаарында өткөрүлгөн чоң жыйырмалардын санариптик экономика министрлеринин жыйынында «Санариптик коомдук инфраструктура», «Санариптик экономикада коопсуздук жана санариптик чеберчилик» деген сессияларга катышты.

Кажыр жыйында Түркиянын санариптик коомдук инфраструктурасы, санариптик экономикадагы коопсуздук жана санариптик көндүмдөр тармактарындагы иштери тууралуу сөз кылды.

Санариптик коопсуздуктун бардык өлкөлөр үчүн алдыңкылык берилген тема экендигин белгилеген Кажыр буларды айтты : "Коопсуздук коркунучтарын алдын алуу жана азайтуу үчүн биргелешкен аракеттин зарылдыгына ишенебиз.   Биз коопсуз жана туруктуу санариптик экономиканы түзүү үчүн биригишибиз керек. Түркия коопсуз жана туруктуу санариптик экономиканы түзүү үчүн чоң жыйырмалардын  бардык өлкөлөрү менен иштөөгө даяр."

 



Тектеш кабарлар