Хакан Фидан фрнацуз кесиптеши менен сүйлөштү

Министрликтен берилген маалыматта сүйлөшүү француз министринин өтүнүчү менен өткөрүлдү.

2026206
Хакан Фидан фрнацуз кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен берилген маалыматта сүйлөшүү француз министринин өтүнүчү менен өткөрүлдү.

Сүйлөшүүдө министр Фидандын кесиптешинин суроосу боюнча Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкмөтүнүн Пиле - Йигитлер жолу долбоору тууралуу маалымат бергени белгиленди.

Фидан  - Колонна сүйлөшүүсүндө Кара деңиз дан демилгесинин да талкууланганы белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлүндөгү Жашыл линиядагы Пиле айылына Түндүк Кипр Түрк Республикасынан оңой жетүү үчүн толугу менен гуманитардык себептерден улам Пиле  - Йигитлер жолу проектисинин даярдалганын жарыялады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Пиле  -  Йигитлер жолунун кеңейтилиши жана жакшыртылышы үчүн даярдалган проектинин Пиле калкынын аймактагы  участокторго оңой жетиши, аймак калкынын экономикалык жактан өнүктүрлүшү жана Пиле айылына Британиянын суверендүү база аймагына көз каранды болбостон өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү максатында даярдалгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар