Террор менен күрөш уланууда

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсү.

2023501
Террор менен күрөш уланууда

Сириянын түндүгүндө кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 12 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Баатыр десанттарыбыз ПКК/ЙПГ террористтерин кайда болсо да окопко көмүүнү улантууда. Сириянын түндүгүндө кол салууга даярданган 12 террорист ийгиликтүү операцияда жок кылынды. Ушундайча кечээ жана бүгүн Ирактын түндүгүндө жана Сириянын түндүгүндө жалпы 21 террорист жок кылынды» деп айтылды.

Министрликтин буга чейинки билдирүүсүндө: «Аскерлерибизди шейит кылган чыккынчыларды жоопко тартууну улантып жатабыз. Террористтер кайсы тешикке кирсе дагы кутула алышпайт",-деген сөздөр камтылган. 

«Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында шаршемби күнү кечинде ПКК мүчөлөрүнүн ок атуусунун натыйжасында 6 аскер шейит болгон.



Тектеш кабарлар