Эрдоган Ванг Йини кабыл алды

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплекстеги кабыл алуу басма сөзгө жабык өттү.

2016480
Эрдоган Ванг Йини кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, тышкы иштер боюнча борбордук комиссиянын директору, тышкы иштер министри Ванг Йини кабыл алды.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплекстеги кабыл алуу басма сөзгө жабык өттү.

Ошол эле учурда Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан Эрдогандын Ван Йини кабыл алуусу тууралуу билдирүү жасалып, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы «Өкмөттөр аралык кызматташтык комитети, тышкы иштер министрлеринин кеңешүү механизми, консулдук кеңешүүлөр, биргелешкен Экономикалык комиссия» сыяктуу кеңешме механизмдери» эки өлкөнүн диалог жана кеңешүү механизмдеринин дагы эффективдүү пайдаланылышы темаларына токтолгондору айтылды.

Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгеси менен Түркиянын «Ортоңку коридор» демилгесин шайкеш келтирүү аракеттерин тездетүү маселесине токтолгон президент Эрдоган, бул максатта түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун биринчи жыйынын өткөрүүнү каалашканын белгилеген билдирүүдө:«Түркия-Кытай эки тараптуу соодасын дагы тең салмактуу жана ырааттуу түзүмгө алып келүү жана инвестициянын өз ара көбөйүшү үчүн эмне кылынышы керектиги темалары да сүйлөшүлгөн жолугушууда президент Эрдоган, глобалдык жана аймактык маселелер боюнча маанилүү ролду ойногон эки өлкөнүн мындан да күчтүү кызматташтыкка ээ болушуна тилектештигин билдирди»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар