Түркия Алжирге көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Алжирдин ар кайсы провинцияларында уланган токой өрттөрүндө көп сандаган жаран жана аскер кызматкеринин каза болгондугу жана жараланганы кайгыруу менен угулганы белгиленди.

2015560
Түркия Алжирге көңүл айтты

Түркия Алжирде уланып жаткан токой өртүндө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Алжирдин ар кайсы провинцияларында уланган токой өрттөрүндө көп сандаган жаран жана аскер кызматкеринин каза болгондугу жана жараланганы кайгыруу менен угулганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Өрттө каза болгондорго Аллахтын ырайым кылуусун, дос жана боордош Алжир элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Түркия бул оор күндөрдө Алжирге ар кандай колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр»,деп айтылды.

Алжирдин Ички иштер министрлиги өлкөнүн түндүгүндөгү 11 шаарда мурунку күнү башталган токой өртүндө каза болгондордун саны 34кө жеткенин жарыялады.



Тектеш кабарлар