Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Кытайдын борбор шаары Пекинде жаратылыш ресурстары министри Ван Гуанхуа менен жолугушту.
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө : «Кытай Эл Республикасынын жаратылыш ресурстары министри Ван Гуанхуа мырза менен жолугушуубузда өлкөбүз менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жаратылыш ресурстары, минералдар жана сейрек кездешүүчү элементтер жана тоо-кен казып алуу тармактарындагы потенциалдуу кызматташуубузду өнүктүрүү боюнча макулдаштык",- деди
Байрактар министр Гуанхуа менен жолугушуусунан мурда Кытайдын эң чоң энергетика фирмаларынан SPIC менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууга байланыштуу да маалымат берген Байрактар : "Пекинге болгон иш сапарыбыздын биринчи жолугушуусун Кытайдын эң ири энергетикалык компанияларынын бири болгон жана өлкөбүзгө олуттуу инвестицияларды салган SPIC менен өткөрдүк. Өлкөбүздүн 2053 - жылдагы таза нөл максатына ылайык өзөктүк жана кайра жаралуучу энергия тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорубузду талкуулоо менен жол картасын аныктадык»,-деди.