Эрдоган эртең Перс булуңундагы өлкөлөргө сапарга чыгат
Эрдоган кесиптештери менен жолугушуу үчүн Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине барат.
![Эрдоган эртең Перс булуңундагы өлкөлөргө сапарга чыгат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6b88/850a/766a/64ac1c77c3f32.jpg?time=1718965562)
Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең Перс булуңундагы өлкөлөргө сапарга чыгат.
Эрдоган кесиптештери менен жолугушуу үчүн Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине барат.
Эрдоган биринчи аялдамасы Сауд Арабияда король Салман бин-Абдулазиз менен жолугушат жана Сауд Арабия-Түркия бизнес форумуна катышат.
Президент Эрдоган 18-июлда Катарда, андан кийин Бириккен Араб Эмирликтеринде болот.
Эрдогандын сапарларында саламаттыкты сактоо, энергетика жана коргонуу өнөр жайы сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташуу темаларын талкуулоосу күтүлүүдө.
Жакында вице-президент Жевдет Йылмаз менен казына жана каржы министри Мехмет Шимшек да аймакка барып, бир катар жолугушууларды өткөрүштү.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718965562)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.