Чеңгел-Чагылган операциясы аймагында эки аскер шейит болду

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ)«Чеңгел-Чагылган» операциясы аймагында  жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн ок атууларынын натыйжасында эки аскердин шейит болгонун билдирди.

2009062
Чеңгел-Чагылган операциясы аймагында эки аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган операциясы аймагында эки аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ)«Чеңгел-Чагылган» операциясы аймагында  жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн тийишип ок атууларынын натыйжасында эки аскердин шейит болгонун билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, операция аймагындагы ок атуудан катуу жараланган жөө аскер кызматчысы Хасан Таш менен Фуркан Гүнергектин бардык  кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албаганы жана жеткирилген ооруканада шейит кеткени белгиленди. 

Билдирүүдө: «Бизди терең кайгы-капага салган бул окуяда каза болгон шейиттерибизге Аллахтан ырайым тилейбиз. Кайгыга баткан үй-бүлөлөрүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,-деп айтылды. 



Тектеш кабарлар