Бүгүн Зеленский менен Эрдоган Стамбулда жолугушат
Песков : «Эрдоган менен Зеленскийдин ортосунда сүйлөшүлгөндөр биз үчүн маанилүү»,- деди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Стамбулга келет.
Сапардын алкагында президент Эрдоган менен Украинанын президенти Зеленский жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушууларда Россия - Украина согушуна байланыштуу акыркы абалдар, мөөнөтү 17 - июлда аяктай турган Дан коридору келишими жана эки өлкөнүн карым-катнаштары талкууланат.
Бир тараптан Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Эрдогандын бүгүн Стамбулда Зеленский менен өткөрө турган жолугушууну жакындан байкап жатышкандарын белгиледи.
Песков : «Эрдоган менен Зеленскийдин ортосунда сүйлөшүлгөндөр биз үчүн маанилүү»,- деди.
Песков президент Эрдоган жана Россиянын президенти Владимир Путиндин да кыска убакыттын ичинде жолугуша аларын бирок азырынча күндүн тактала электигин айтты.