Лидерлер Эрдоганды куттукташты

Түркияда кечээ президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоо өттү.

1986660
Лидерлер Эрдоганды куттукташты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев да президент Эрдоганды президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Өзбекстандын Президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Мирзиёев Эрдоганга телефон чалып шайлоонун жыйынтыгынын боордош Түркия элинин Эрдогандын жетекчилигинде жүргүзүлүп жаткан саясий өзгөрүүлөргө жана экономикалык реформаларга кеңири колдоосунун көрсөткүчү экенин айтты.

Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы кеңири стратегиялык өнөктөштүк жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан мамлекет башчылары, Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык өнөктөштүк кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү темаларын да карап чыгышты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар да шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон Эрдоган менен Элдик альянсты куттуктады.

Татар өз билдирүүсүндө Кипр Түрк калкы менен Түркия Республикасынын бузулбас биримдигине басым жасап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жана тилектештикти ар тармакта өнүктүрүүнү каалаганын билдирди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Эрдоганга телефон чалып куттуктоосун айткан.



Тектеш кабарлар