Теббун-Эрдоган сүйлөшүүсү

Президент Теббун менен президент Эрдогандын ортосунда телефон сүйлөшүүсү болду.

1976761
Теббун-Эрдоган сүйлөшүүсү

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирге Судандагы абалды талкуулады.

Алжирдин президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, президент Теббун менен президент Эрдогандын ортосунда телефондук сүйлөшүү өткөрүлдү.

Билдирүүдө: «Эки президент боордош Судандагы кооптуу жана кайгылуу окуяларды талкуулашты. Сүйлөшүүдө кырдаалды саясий жактан тизгиндөө жана бул куттуу Рамазан айында бир туугандардын ортосундагы чыр-чатакты токтотуунун жолдору каралып, диалогдун маанилүүлүгү баса белгиленди»,- деп айтылды.

Теббун менен Эрдогандын эки өлкөнүн карым-катнаштарын жана бул мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдорун да сүйлөшкөндөрү маалымдалып, лидерлердин Орозо айт майрамына карата куттуктоолорун айткандары билдирилди.

Алжир мамлекети Араб Лигасынын төрагасы катары Судандагы армия менен Ыкчат колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда чыккан кагылышууларды токтотууга жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар