Түркиянын эң чоң аскердик кемеси "TCG Anadolu"

Стамбулдун Сарайбурну жээгинде көргүсү келгендер кемеге кабыл алына баштады.

1976102
Түркиянын эң чоң аскердик кемеси "TCG Anadolu"
tcg anadolu.jpg
tcg anadolu.jpg

Дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат конуучу (SİHA) кемеси TCG Anadolu элге ачылды.

Стамбулдун Сарайбурну жээгинде көрүү үчүн күткөндөр кемеге кабыл алына баштады.

Түркиянын эң чоң аскердик кемеси "TCG Anadolu", Стамбул Тузладагы Седеф кеме куруучу заводунда өткөрүлгөн азем менен деңиз флотунун кызматына кирди.

Кечээ Сарайбурну пристанына токтогон кеме бүгүн элге ачылды.

TCG Anadolu палубасында 94 унааны көтөрө алат.

Учуу палубасына 10 тик учак же 11 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат, ангарына да 19 тик учак же 30 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат жайгаша алат.

Чоң кеме 23-апрелге чейин саат 10:00-18:00 аралыгында жарандар үчүн ачык болот.



Тектеш кабарлар