Эрдоган султан Ваддаулах менен жолугушту

Эки лидер алгач жекеме-жеке жолугушуу өткөрүп, андан кийин делегациялар ортосундагы жолугушууга төрагалык кылышты. Жолугушууларда актуалдуу жана глобалдуу темалар талкууланды.

1956417
Эрдоган султан Ваддаулах менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 6-февралда 11 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн кийин Бруней-Даруссалам султанатынын колдоосун унутпай тургандарын айтты.

Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Бруней-Даруссалам султаны Ваддаулах менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жолугушту.

Эки лидер алгач жекеме-жеке жолугушуу өткөрүп, андан кийин делегациялар ортосундагы жолугушууга төрагалык кылышты. Жолугушууларда актуалдуу жана глобалдуу темалар талкууланды.

Эрдоган жолугушууларда Палестина, Роинга, Исламга душмандык сыяктуу маселелерди жана Украина согушун сүйлөшкөндөрүн белгилеп, айрыкча АСЕАН жана Ислам Кызматташтык Уюмунда аймактык жана эл аралык платформаларда кызматташтыкты арттыруунун маанисине басым жасагандарын билдирди.

Эрдоган 6-февралда 11 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн кийин Бруней-Даруссалам султанатынын колдоосун унутпай тургандарын айтты.

Бруней-Даруссалам султаны Ваддаулах да Палестинага колдоо билдирүүсүн берип, «Бруней Палестина менен тилектештикте жана Израилдин кол салууларын айыптайт»,- деди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин 5 келишимге кол коюлду.

Түркия менен Брунейдин ортосундагы карым-катнаштардын дагы да күчтөнө турганын айткан султан Ваддаулах, кылымдын апаатынан улам Түркия менен тилектештикке басым жасады.

Ваддаулах: «Бруней Түркия менен ар дайым тилектеш. Ошондой эле ар кандай жардам көрсөтүүгө даяр, өкмөттүн аракети жана түрк элинин кайраттуулугу менен Түркия бул трагедияны жеңип, ал тургай күчтөнөт деп ишенем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар