Мевлүт Чавушоглу ливандык министрлер менен пресс - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6 -  февралда болгон, «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жана 11 облусту таасири астына алган Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн кийин өлкө тышынан абдан чоң колдоо алышкандарын белгиледи.

1951086
Мевлүт Чавушоглу ливандык министрлер менен пресс  - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6 -  февралда болгон, «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жана 11 облусту таасири астына алган Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн кийин өлкө тышынан абдан чоң колдоо алышкандарын белгиледи.

Чавушоглу борбор шаар Анкарада Ливандын тышкы иштер жана миграция министри Абдаллах Бухабиб жана коомдук иштер, транспорт министри Али Хамийе менен жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Жер титирөөнүн алгачкы күндөрүнөн тарта бардык мекемелердин аймакта экендигин жана эл аралык издөө – куткаруу топторунун Түркияга келиши үчүн керектүү координацияны түзүшкөндөрүн айткан Чавушоглу : «102 өлкө жардам кылууну сунуш кылды. 90 өлкөдөн издөө – куткаруу жана медициналык топтор келишти. Талаа госпиталдары курулду жана чоң колдоо алдык. Бардык эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдеребиз»,- деди.

Чет өлкөдөн келген чатырлардын саны 93 миң 637ге жеткенин баса белгилеген Чавушоглу контейнерлер боюнча иштердин уланып жатканын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун чукул чакыруу механизмин дароо ишке киргизгендигин, 3 айдын ичинде Түркияга 1 миллиард долларлык чукул муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн жардамга чакыргандыгын эске салып : «Башта БУУ жана башка түрдүү өлкөлөрдөн бул жерге салым кошкондугун көрүп жатабыз»,- деди.

Европа Биримдигинин Түркияга колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык конференция уюштурганын белгилеген тышкы иштер министри, келе турган жардамдарды колдонуу үчүн мекемелер менен сүйлөшүп  жаткандарын айтты.

Ливан министр Бухабиб болсо : «(Түркия менен) Боордоштук байланыштарыбыз чексиз. Бул кыйын күндөрдө боордош Түркияга жардам бердик. Биздин кыйын күндөрүбүздө Түркиянын жаныбызда болгонун билебиз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар